Бишкектиктер дээрлик жарым миллион сомго санитардык нормаларды бузушкан

Бишкектиктер дээрлик жарым миллион сомго санитардык нормаларды бузушкан. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. Экологиялык инспекция райондук акимиаттар менен биргеликте күн сайын шаарда рейд жүргүзөт.

 

Жыл башынан бери алардын алкагында 46 протокол түзүлдү. Мыйзам бузгандардын арасында курулуш компаниялары жана дүкөндөр бар. Мэрия эскертет: таштандыгы туура эмес жерге ыргытуу үчүн айыптар 17 миң сомго чейин жетет.