Россия жана Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалды бажы төлөмү жок жеткирүү боюнча макулдашты

Россия жана Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалды бажы төлөмү жок жеткирүү боюнча макулдашты.

 

Бул тууралуу novosti.kgге Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

 

Бирок, ал белгилегендей, документке кол коюла элек. Эгер макулдашуу жетишилсе, анда Кыргызстан Россиядан жыл сайын 650 миң тонна бензинди  жана 550 миң тонна дизелдик отунду бажы алымы жок алып турат. Бул көлөм республиканын күйүүчү майга болгон муктаждыгын толугу менен жабат.