Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында жарым финалда күрөшөт.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы бүгүн, 5-октябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта чейрек финалда орусиялык Марина Суровцеваны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Буга чейин Медет кызы 1/8 финалда болгариялык Мария Гергинова Оряшкованы дагы дал ушундай эсеп менен жеңген.

 

Айпери Медет кызынын жарым финалдагы атаандашы азырынча белгилүү боло элек. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те башталат.

Күрөштүн бул түрүнөн 62 килограмм салмакта кечээ, 4-октябрда Айсулуу Тыныбекова финалга чыккан. Ал бүгүн, 5-октябрда алтын байге үчүн АКШ өкүлү Кайла Колиин Кийоко Миракл менен күрөшөт. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

 

Эртең, 6-октябрда дагы бир кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта килемге чыгат.

 

2-октябрда Норвегиянын Осло шаарында башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Буга чейин эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов (65 кг.) коло байге алса, 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалга чыккан. Ал бүгүн, 5-октябрда польшалык Магомедмурад Гаджиев менен алтын байге үчүн күрөшөт. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.