Россияда абактагылар медициналык бет кап жасоого тартылды

Россияда  эркинен ажыратылып, абакта отургандар медициналык бет каптарды даярдоого тартылат. Алар өндүрүш ишин жазасын өтөп жаткан жерде ишке ашырат деп жазышат орус басылмалары.

Маалыматка ылайык,  Курск облусундагы абактарда жазасын өтөп жаткандар медициналык маскаларды тигишет.

 

«Жазасын өтөп жаткандар тиккен бет каптар дарыканалардагы маскалардан кем калышпайт. Бет каптар пахта буласынан даярдалган текстилдик кездемеден тигилет. Жакынкы күндөрү 10 миңден ашуун бет каптар даяр болот», — деп билдирген Орусиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматы.

 

Россиянын Монополияга каршы күрөшүү кызматы өлкөдө медициналык маскалардын запасы азайып кеткенин билдирген. Ошондой эле бет каптарга болгон баа өлкөнүн бир катар аймактарында жогорулаган. Буга байланыштуу Владимир Путин 5-февралда билдирүү жасап, маскалардын, дары-дармектердин баасын жогорулаткан дарыканалардын лицензиясы алынарын маалымдаган.