Москвада Жеңиш парады 24-июнда өтмөй болду. Владимир Путиндин тиешелүү буйругу тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Ал эми “Өлбөс полктун” жүрүшүндө аралыкты сактоо мүмкүн эмес экендигин эске алуу менен, аны 26-июлда, Аскер-деңиз флотунун парадынан кийин өткөрүү пландалып жатканы айтылды.
Эске салсак, 9-майга пландалган парад жана “Өлбөс полктун” жүрүшү быйыл пандемиядан улам өтпөй калган.