Санкт-Петербургда улгайган адамдар үчүн өзүн-өзү изоляциялоо режими узартылды

Санкт-Петербург шаарында 65 жаштан жогору, ошондой эле өнөкөт оорулары менен жабыркагандар үчүн милдеттүү түрдө өзүн-өзү изоляциялоо режими 28-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу 5-мартта шаардык губернатордун администрациясынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазды.

 

«28-мартка чейин 65 жаштан ашкан адамдар жана өнөкөт оорулары бар бейтаптар үчүн өзүн-өзү изоляциялоо милдети узартылууда, ошондой эле бул адамдарды дистанттык жумушка которуу жүрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

 

Ушул эле күнү эртең менен Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 65 жаштан жогору жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн өзүн-өзү изоляциялоо режимин жокко чыгарган.