Россияда мигранттарга жардам көрсөтүү үчүе чалуу борбору ишке кирди

Россияда мигранттарга жардам көрсөтүү үчүе чалуу борбору ишке кирди. Мигранттардын федерациясынан билдиришкендей, байланыш линиясындагы кызматкерлер Россиянын миграциялык жана эмгек маселелери боюнча мыйзамдары менен таанышууга жардам көрсөтөт.

 

Борбордун адистери аларга кайрылган ар бир адамды угуп юридикалык кеңеш берип, документтер жоголгондо кайда кайрылуу керектигин айтып беришет. Иш кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилинде жүргүзүлөт. Чалуу борборунун номурлары:

 

+7 (495) 778-3288, +7 (963) 997-4210, +7 (926) 130-7500 номериндеги байланыш линиялары иш күндөрү саат 8.00дөн 23.00гө чейин, дем алыш күндөрү 9.00дөн 21.00гө чейин иштейт.