Кыргызстандыктарды мартта 10 эс алуу жана 21 жумушчу күнү күтүп турат.
Кийинки айда биринчи майрам эл аралык аялдар күнү, дүйшөмбүгө туш келгендиктен
алгачкы эс алуу күнү болот. Андыктан 5 күн иштеген жарандар 3 күн катары менен эс алат.
Ал эми Ноорузду майрамдоодо өлкө жашоочулары дагы 3 күн катары менен дем алыш күн өткөрөт.
Тагыраагы, 20-март ишембиден, 22-март дүйшөмбүгө чейин. Ушул жылы 5 күндүк график менен
иштеген кыргызстандыктар 247 жумушчу жана 118 эс алуу күнүнө ээ болот.
Дем алыш күндөрү көбүнчө январь жана май айына тура келет.