Кыргызстанда жолдордун паспортизациясы жүрүүдө

Кыргызстанда жолдордун паспортизациясы жүрүүдө. Унаалар жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, иштер атайын көчмө лабораториянын жардамы менен аткарылып жатат.

 

Адистер GPS-координаттарды аныктап, жаңы курулган жолдордун сапатын анализдешүүдө. Алынган жыйынтыктар кийин жолдорду ремонттоону пландаштырууга жана республика трассаларынын абалы боюнча маалымат алууга шарт түзөт. Бүгүнкү күнгө карата 2 миң чакырым жол текшерилди.