Россиядан Кыргызстандын 171 жараны учуп келди.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей,
кыргызстандыктарга Новосибирск – Бишкек багыты боюнча
чартердик каттам уюштурулду. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси консулдук
аркылуу түзүлдү. Бул каттам менен Россиянын 6 шаарындагы
мекендештер өлкөгө жеткирилди. Чет мамлекеттерде жүргөн
жарандарды Кыргызстанга кайтаруу иштери уланууда.