Ордо калаада коомдук унаалар үчүн жолдордо өзүнчө тилке пайда болот.
Вице-мэр Азиз Алымкулов билдиргендей, кеп, Токтогул, Киев, Абдрахманов жана
Чүй проспектиси тууралуу болуп жатат. Мындан тышкары аталган көчөлөрдүн
жээгинде унаа токтотмолорун уюштуруу пландалууда. Вице-мэр белгилегендей,
калаа бийлигинин алдында жыл аягына чейин бүтүрө турган талап бар.
Ал шаардагы унаа токтотуу жайларындагы башаламандыкты жоюу жана жол схемасын жакшыртуу.