Дезинфекциялоодон кийин Бишкек шаарындагы «Орто-Сай» базарынын иши кайрадан жанданды.
Бул тууралуу мэриядан билдирди. Базар 9-июнда жабылган. Коронавирустун симптомдору бар
адамдар Бишкектин медициналык мекемелерине кайрыла башташкан. Алар эпидемиологиялык
иликтөөнүн жүрүшүндө базарга барышканын билдиришкен. Буга байланыштуу
«Орто-Сай» базары дезинфекциялоо үчүн жабылган.