Өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин кафелерде массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат

Өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин кафелерде массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында,

кафелерде маараке, той өткөрүүгө ресторатор гана эмес жарандар өздөрү да кайрылып атат.

Бирок буга бийлик уруксат бербейт. Эпидемиологиялык абалдан улам адамдардын

массалык чогулуусу жана иш-чараларды өткөрүү кооптуулугу сакталууда.