Россияга Кытайдын айрым товарларын киргизүүгө тыюу салынды

Россияга Кытайдын айрым товарларын киргизүүгө тыюу салынды.

Роспотребнадзордун эксперттери Кытайдан чыккан кукси, чипсы жана

башка бир нече азыктан тыюу салынган компоненттерди табышты.

Андан тышкары, вермишелди, шоколад креминен жасалган жумуртка

десертинин жана ичинде сюрприз-оюнчугу бар токочтун импортуна чектөө киргизилди.

Бул азыктардын курамынан ГМО жүгөрү менен соянын ДНКсы табылды. Продукциялардын

сыртында азыктын курамында бул компоненттер бар экени жазылган эмес.