Бишкекке жылуу күндөр орноп баштады.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүнтөн тартып ордо калаада
аба-ырайы ачык болуп, күн тийип турат. Абанын температурасы дагы күн сайын
1, 2 градуска көтөрүлөт. Ошондой эле октябрдын ортосуна чейин Бишкекте
жаан-чачын күтүлбөйт. 20сынан тартып абанын табы кескин жогорулайт.
Түнкүсүн +10 градустан төмөндөбөйт, күндүз +20…22ге жетет.