Исландияда буга чейин коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөр алынды

Исландияда буга чейин коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөр алынды.

РИА Новости жарыялагандай, чектөөлөр былтыр мартта киргизилген. Учурда калктын чоң адамдарынын

87 пайызы ковидге каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, экинчи дозаны алгандар 60 пайызды түзөт.

Ушул жекшембиден тартып Исландия тургундары социалдык аралыкты сактабай эле койсо болот.

Андан тышкары, эми беткап тагынуу жана топтолбой коюу дагы шарт эмес