Оштогу Алымбек-Датка этнографиялык комплексинде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү.
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө дүйнө классиктеринин, кыргыз жазуучуларынын китептеринин көргөзмөсү өтүп, театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа уюштурулду.
Белгилеп кетсек, бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү 1995-жылы китептерге, авторлорго, иллюстраторлорго жана окурмандарга урмат көрсөтүү катары негизделген.