Кыргызстандагы бардык бөлүштүрүүчү компаниялар “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасына бириктирилет

Кыргызстандагы бардык бөлүштүрүүчү компаниялар – “Түндүкэлектр”, “Чыгыш электр”, “Ошэлектр” жана “Жалалабатэлектро” “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасына бириктирилет.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул боюнча чечим ушул жумада акционерлердин кезексиз жыйынында кабыл алынат.

Белгилеп кетсек, “Түндүкэлектр” Бишкек, Чүй жана Талас облустарындагы бардык абоненттерди, “Чыгыш электр” Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы керектөөчүлөрдү, “Ошэлектро” Ош жана Баткен облустарындагы элди, “Жалалабатэлектро” Жалал-Абад шаары менен облусту электр менен камсыздайт.