Ржев шаарында кыргызстандык аскерлерге арналган мемориал ачылды

Президент Садыр Жапаров Орусиядагы расмий сапарынын алкагында 7-майда Ржев шаарында Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты. Иш-чарага Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин дагы катышты.

«Мөңгү баскан Ала-Тоонун үч чокусу түрүндөгү төрт метрлик эстелик Кыргыз ССРинде туулуп, Ржев салгылашында курман болгон Кызыл Армиянын жоокерлеринин урматына тургузулган. Ржевде мемориал орнотуу демилгеси кыргыз тарапка таандык жана аны орус тарап колдоого алган. Мемориалдын курулушуна кеткен чыгым Кыргызстандын элдик каражатынан да сарпталган»,-деп жазылган маалыматта.

Садыр Жапаров мемориалды ачып жатып “согуштун оор деми тийбеген үй-бүлө жок. 9-май Кыргызстанда ар дайым болгон, бар жана боло берет, анткени Эстөө – баарыбыз үчүн бир жана ыйык. Анын кандайдыр бир чеги же улуту болбойт, ошондой эле кандайдыр бир факторлорго көз каранды болбошу керек”,-деген .

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринен 64 адам калды. Бир жыл мурда алардын саны 100дөй адамдын тегерегинде болчу.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Быйыл бул согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленет.

Кыргыз өкмөтү Жеңиш күнүндө кезектеги “Өлбөс полк” жүрүшү уюштуруларын, ал эми митинг-реквиемге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышарын маалымдаган.