Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого үгүт жүргүзүү бүгүн башталды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Андан белгилешкендей, 6-майда бюллетендеги катар номерлерди аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрүлдү.
Жалпысынан шайлоодо 32 талапкер ат салышат. Добуш берүү 28-майда өтөт.
Мекемеден тышкары шайлоо 27-майда болот. Ал эми жыйынтыгы 11-июнга чейин чыгарылат деп пландалууда.