Сүлүктү шаарында газ чыккан көмүр шахтага тосмолор орнотулду.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, тосмо орнотуу иштерине 11 куткаруучу тартылды.
Эске салсак, 10-декабрда аталган шахтада 4 адам газга ууланып каза болгон.
Куткаруучулар 215 метр тереңдиктен ууланган жумушчуларды алып чыгып,
туугандарына алардын сөөгүн тапшырып беришкен болчу.