Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле глобалдык жана регионалдык коопсуздукту камсыздоо боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Кытайдын тышкы иштер министринин эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жеке көңүл буруусун жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүсүн жогору баалай турганын белгиледи.

Ал бул визит кыргыз-кытай мамилелериндеги жаркын тарыхый этап болуп каларына ишенимин билдирди.