Мамлекеттик каттоо кызматы 3 шаардагы жетекчилерин иштен убактылуу четтетти

Мамлекеттик каттоо кызматы 3 шаардагы жетекчилерин иштен убактылуу четтетти.

Алар Ош, Токмок жана Каракол калааларынын паспорттоштуруу жана жарандарды

каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери. Мындай чара каттоо агымынын акыркы кездери

көбөйүшү жана ага байланыштуу кызматтык териштирүү жүрүп жаткандыгына

байланыштуу. Кошумчаласак, Ошто бир үйгө 1 миң 300 адам катталганы ачыкка чыкты.

Мындан тышкары жогорку окуу жайлардын окутуучулары студенттерден

каттоого туруш үчүн паспортторун талап кылган. Аталган фактыларды

шаардык милиция «Добуш сатып алуу» беренеси менен иликтеп жатат.