Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн расмий сапар менен Казакстан Республикасына учуп кетти. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 18-19-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчы казак президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин Алтынчы жыйынына катышат.

 

Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын Президенттеринин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Айкөл Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземи болот.

 

Сапарга карата «Кыргызстан – Казакстан» бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму, Жусуп Абдрахмановго арналган илимий-практикалык конференция жана илимпоздордун «Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги» форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар белгиленген.