Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефондо сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.

Мындан тышкары, өлкө лидерлери регионалдык кызматташуу темасына да токтолушту.

Мамлекет башчылары эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштыкты жана боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашышты.