Россиянын Оренбург облусундагы суу ташкындан жабыркаган кыргызстандыктар жок

Россиянын Оренбург облусундагы суу ташкындан жабыркаган кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, мекеме аталган аймакта жашаган кыргыз диаспоралары менен байланышып, абалга байкоо салып жатат.

 

Россиянын Казакстан менен чектеш түштүк аймактарында, Оренбург облусунда башталган сел Кемерово жана Томск облустарына жеткен. Аба ырайынан улам, Урал жана Тобол дарыяларында суу ташкындап жатат. Он миндеген киши эвакуацияланды.