Кыргызстанда жакшы жана начар иштеген мамлекеттик органдар аталды

Кыргызстанда жакшы жана начар иштеген мамлекеттик органдар аталды.

Улуттук статистика комитети түзгөн рейтингге караганда, жакшы жагынан

1-орунда өзгөчө кырдаалдар министрлиги, кийинкиде Маалыматтык технологиялар жана

байланыш комитети, үчүнчүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик турат.

Ал эми эң эле начар иштеп жаткан органдар деп Мамлекеттик бажы кызматы,

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аталды.

Белгилеп кетсек, рейтинг ушул жылдын биринчи жарым жылдыгына

карата элдин ишеним индексине таянуу менен түзүлдү.