Самат Курманкуловдун ден соолугу жакшырууда

Самат Курманкуловдун ден соолугу жакшырууда.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Курманкуловдун колу, бутунун иштөөсү баштапкы

калыбына келди. Анын дарылануусу болжол менен марттын аягына чейин уланмакчы.

Ага өкмөттөн каражат бөлүнгөн. Эске салсак, 7-августта Кой-Ташта кагылышуу болуп,

андан улам  Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги жаракат алып, комага түшкөн.