Бишкекке кирген жарандардын дене табы текшерилүүдө

Бишкекке кирген жарандардын дене табы текшерилүүдө. Novosti.kgнин кабарчысынын маалыматына ылайык, ордо калаа аймагына кирген жүк ташуучу, коомдук транспорт жана жеңил унаалар текшерүүдөн өтүүдө.

 

Жарандардын дене табы ченелип, документтери каралып, айдоочулардын сапарынын максаты суралууда. Эске салсак, COVID-19 вирусунан улам Кыргызстанда 22-марттан баштап бир айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланган.