Түндүк — Түштүк трассасы 2021-жылдын жайында ишке берилет

Түндүк — Түштүк трассасы 2021-жылдын жайында ишке берилет.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, Балыкчы менен Жалал-Абадды байланыштыруучу альтернативалык

магистралдын курулушу 2014-жылы башталган. Анын узундугу 433 чакырымды түзөт.

Көк-Арт ашуусунда 3 мин 890 метрлик тоннель курулуп, ал  Фергана өрөөнүнүн түндүк жана

түштүк тарабын бириктирип турат. Жол акысыз болот, бирок тоннелден өткөн учурда төлөм алынат.

Акынын көлөмү азырынча белгисиз. Ал эми жаңы салынуучу альтернативалык трассанын курулушу

850 миллион долларга бааланып, каражаттын басымдуу бөлүгүн Кытай бөлүп берди.