“Коопсуз шаар” камерасына катталган айдоочуларга айыптын суммасын кечикпей төлөө сунушталат

“Коопсуз шаар” камерасына катталган айдоочуларга айыптын суммасын кечикпей төлөө сунушталат.

novosti.kgге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан түшүндүрүшкөндөй,

эреже бузуу боюнча маалым кат келгенден 15 күн өткөнгө чейин төлөсө, 50 пайыздык арзандатуу каралат.

Аталган мөөнөттөн өтүп, 1 айга чейин төлөмдү жүргүзбөсө айып толук көлөмдө алынат. Андан да өтүп кетсе,

1 күнгө 1 пайыз туум чегериле баштайт. Сумма 2 миң сомго жеткенде, токтом сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Белгилеп кетсек, учурда сот органдарында 20 миңден ашык токтом боюнча сумманы мажбурлатып төлөө чарасы көрүлүүдө