Санариптик өнүктүрүү министрлиги мобилдик топторду түндүктөгү калктуу конуштарга жөнөттү

Санариптик өнүктүрүү министрлиги мобилдик топторду Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарынын калктуу конуштарына жөнөттү.

Адистер жарандарга жеринде паспорт, жөлөкпул үчүн документтерди кабыл алуу, ошондой эле жашаган жери боюнча каттоого туруу өңдүү түрдүү кызматтарды көрсөтөт.

Мобилдик топтор аймактарда бүгүнтөн тарта 22-апрелге чейин иштешет.