Социалдык кызматкерлердин маянасын көтөрүүгө бюджеттен 26 млрд сом бөлүндү

Социалдык кызматкерлердин маянасын көтөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 26 миллиард сом бөлүндү.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин жана Эмгек министрлигинин айлыктары көтөрүлдү.

Мамлекет башчы бул төлөмдөрдөн тышкары 1-июндан тарта балдарга жөлөкпулдарды, ошондой эле башка категориядагы бюджеттик кызматкерлердин маянасын жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи.

Ал эми пенсия октябрда көбөйүшү күтүлүүдө.