Санэпидем борборлоруна жаңы үлгүдөгү Нива унаалары тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Транспортту салтанаттуу тапшыруу аземи бүгүн болду.
Техника Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га шашылыш чара көрүү» долбоору аркылуу сатылып алынды. Унаалар дары-дармектерди жеткирүү жана ПЦР-изилдөөлөр үчүн биоматериалды ташууга колдонулат.