Бишкек-Кара-Балта поезд каттамы бир күнгө убактылуу токтотулат

Бишкек-Кара-Балта поезд каттамы бир күнгө убактылуу токтотулат. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, каттамдар 17-апрель күнү убактылуу токтойт.

 

Маалым болгондой, Беловодское жана Шопоков аймагындагы жолдордо оңдоо иштери жүргүзүлөт. 18-апрелде поезддер түзүлгөн иш убактысынын негизинде кайрадан каттамдарды улантат.