Өлкөдө стоматологиялык клиникалар текшерилет

Кыргызстанда вирустук гепатит оорусу күчөп жаткандыгына байланыштуу өлкөдөгү стоматологиялык клиникаларды текшерүү башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Билдирүүгө ылайык, стоматологиялык клиникалардын лицензиялык талаптарга ылайык келүүсү текшерилет.

«Бишкек шаары боюнча комиссиянын курамына 70 менчик стоматологиялык клиникалар кирет, алардын 19у медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксаты жок. Калктын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн борбор калаанын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан 300 миң сом өлчөмүндө мыйзам бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле министрлик ушундай эле текшерүү менчик медициналык клиникаларда жана фармацевтикалык уюмдарда жүргүзүлүп жатканын белгиледи.