Кыргыз-тажик чек арасындагы  кырдаалга байланыштуу 1 миң 500дөй жергиликтүү тургун эвакуацияланды

Кыргыз-тажик чек арасындагы  кырдаалга байланыштуу 1 миң 500дөй жергиликтүү тургун эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалым болгондой, алардын 1 миң 200ү туугандарынын жана жакындарынын үйүнө, калгандары Баткен шаарына, Маргун, Рават айылдарына жайгаштырылды.

 

Убактылуу жайларга 270 адам жеткирилди. Эвакуациялангандар тийиштүү азык-түлүк менен камсыз болуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баткен шаарында жалпысынан 600 адамга эсептелген убактылуу жайгаштыруу үчүн алты пункт ачылды.