Кыргызстанда чемпиондордун ысымдары популярдуу болууда

Кыргызстанда чемпиондордун ысымдары популярдуу болууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери спортчулардын аттары 500дөн ашык ымыркайга берилди.

 

Тактап айтсак, Акжол ысымы – 292 балага, Жоламан – 30, Амантур – 172 наристеге ыйгарылды. Ал эми өткөн жылы Токио олимпиада оюндарынан кийин Акжол, Айсулуу, Мээрим аттарын 1 миң жаңы төрөлгөн бала алган. Ошондой эле, 3 эмге Айсулуу, Мээрим жана Айпери ысымдары коюлган.