Россияга чет өлкөлүк жарандардын кирүү тартиби өзгөрдү.
Элчиликтин маалыматына ылайык, 1-августтан тартып Россияга барууну
каалаган кыргызстандыктардын колунда коронавирустун жок экендигин
тастыктаган анализдин жыйынтыгы болушу керек. Ал маалым кат Россияга
кирерден 3 күн мурда, бир гана жеке лабораториядан жасалышы керек.
Өлкөгө кирген кыргызстандыктар 14 күн изоляцияга алынат.