Россия кийинки айдан тартып эл аралык аба каттамдарын жандантат

Россия кийинки айдан тартып эл аралык аба каттамдарын жандантат.

“РИА Новости” билдиргендей, 1-сентябрдан тартып авикомпаниялар

КМШ өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгүнө туруктуу аба жолдорун уюштура баштайт.

Анын катарында Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Армения бар.

Эксперттер белгилешкендей, мындай чечимди кабыл алууга бир катар негиз бар.

Биринчиден Россияда коронавирус боюнча кырдаал турукташты.

Мындан тышкары, сентябрда өлкөдө өндүрүлгөн вакцина ишке тартылат.