Кыргызстанда 2021-25-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыкты

Кыргызстанда 2021-25-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыкты.

Премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, мамлекетке тиешелүү кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.

Бул багытта тилди билүү деңгээлин аныктай турган «Кыргызтест» системасы түзүлүп, мамлекеттик бардык кызматкерлер сынактан өтүүдө.

Учурда алардын 20 миңден ашыгы тестирлөөдөн өттү. Боронов кошумчалагандай, бүгүнкү күндө иш кагаздарынын басымдуу бөлүгү

кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатат.