Сауд Аравиясы коронавируска карата киргизилген чектөөлөрдү алып салды

Сауд Аравиясы коронавируска карата киргизилген чектөөлөрдү алып салды.

Ички иштер министрлигинин чечими падышачылыктагы эпидемиялык абалга мониторингдин жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.

Эми Сауд Аравиясында Меккедеги чоң мечиттен жана Мединадагы Мухаммед пайгамбардын мечитинен башка коомдук жайларда беткап кийүү талап кылынбайт.

Аба каттамдары үчүн эмдөө сертификаттарды жана ПЦР тесттерин көрсөтүүнүн кереги жок.