Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүп берүү ниетинде

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүп берүү ниетинде. Каражатты өлкөдө жеткиликтүү турак-жайларды курууга багыттоо пландалууда, — деп маалымдайт Мамлекеттик ипотекалык компания.

 

Андан такташкандай, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Уюмдан белгилешкендей, өлкөдө үйлөрдү куруу максатында чет элдик инвесторлор менен туруктуу түрдө баарлашуу жүргүзүлүп турат.