Коронавирус катталганы боюнча жалган маалымат тараткан дарыгер жумуштан бошотулду

Коронавирус катталганы боюнча жалган маалымат тараткан

Өзгөн райондук бейтапкананын дарыгери жумуштан бошотулду.

Бул тууралуу медициналык мекеменин башкы дарыгери

Сатар Жусупов “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин кызматтан кеткен

дарыгердин элден кечирим сураган видео кайрылуусу жарыяланган.

Кошумчаласак, коронавирус жуктуруп алган адам Өзгөн аймактык

ооруканасына жаткырылганы боюнча маалымат социалдык

тармактарга тараган. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалымат

чындыкка дал келбесин, Кыргызстанда вирусту жуктурган учур катталбаганын билдирди.