Ысык-Көлдө пляж ээлерине талаптар күчөтүлдү

Ысык-Көлдө пляж ээлерине талаптар күчөтүлдү. Облус администрациясынан билдиришкендей, пляждарды текшерип мониторинг жүргүзүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү.

 

Алар курулуштардын мыйзамдуулугун карап, муниципалдык пляждарды иретке келтирүү боюнча сунуштарын берет. Пляждарда тазалык, коопсуздук жана тейлөөнү жакшыртуу боюнча иштер күчөтүлөт.