Маданият министрлиги “фейктер” жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады

Маданият министрлиги “фейктер” жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Ведомстводон белгилешкендей, айрым пуктарда кемчиликтер бар болгондуктан, иш жүзүндө аны ишке ашырууда кыйынчылыктар жаралууда.

 

Алсак, демилгечилер блокко салуу чечими тууралуу сайт же баракчанын ээсин маалымдоону сунуштап жатат. Учурда мындай талап жок.

 

Ошондой эле фейкке арызданган жаран өчүрүүгө туура келген маалымат чындыгында жалган экенин тастыктап бериши керек болот. Документ коомдук талкууга чыгарылды.