Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери улантылат.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында иш 17-октябрдан 21-октябрга чейин жүргүзүлөт.
Таштарды түшүрүү жумуштары күндүз аткарылып, жол жарым-жартылай жабылат.
Эгер 40тан ашык унаа топтолуп калса, иш токтотулуп машинелер өткөрүлүп турат.