Сентябрь айы жылуу жана жаан-чачындуу болот.
Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, орточо температура климаттык нормага жакын болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +4 градустан 18 градуска чейин, күндүз 19…35 градуска чейин өзгөрүп турат.
Жаан-чачындын көлөмү нормадан бир аз жогору болушу мүмкүн.
Ал негизинен айдын экинчи декадасында болот.