Мектеп директорлорун сынактык тандоо 1-ноябрга чейин аяктайт

Мектеп директорлорун сынактык тандоо 1-ноябрга чейин аяктайт.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ага чейин бардык окуу жайлардын жетекчилери бекитилет.

Талапкерлер төмөн балл алган мектептерде кайра тандоо 20-сентябрдан 30-сентябрга чейин өткөрүлөт.

Жаңы жетекчилер дайындалганга чейин айрым мектептерди мурдагы директорлор жетектеп, бирок милдетин аткаруучу статусунда болот.

Эске салсак, буга чейин Билим берүү министрлиги беш жылдан ашык иштеген директорлорду кызматтан алган.