Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы 85 пайызга көбөйөт

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы көбөйөт.

Бул тууралуу Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын

директору Нурлан Койчубаков билдирди. Анын айтымында, «Тулпар»

электрондук төлөм системасы толугу менен ишке киргенден тарта

айдоочулардын айлыгы 85 пайызга жогорулайт. Учурда алардын маянасы

орто эсеп менен 15 миң сомду түзөт. Жол киреге төлөнгөн ар бир тыйын

системаны ишке ашырган компанияга кетет. Ал жактан гана унаа

ишканаларына бөлүштүрлөт. Мындай жол менен айдоочулардын

кирешеси ачык-айкын болот. Кошумчаласак, Бишкекте 1-марттан тарта

«Тулпар» электрондук төлөм системасы иштеп баштады.